Төрөбай Зулпукаров бала бакча көйгөйлөрү чечилбей жатканын айтты

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясы “Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Билим берүү максатында глобалдык өнөктөштүк” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Догдуркүл Кендирбаеванын айтымында, мектепке чейинки билим берүү долбоорун ишке ашыруу багытында эл аралык каржы уюмдары тарабынан 12,7 миллион доллар гранттык каражат бөлүнүп жатат. Ал акчага өлкө аймагындагы мугалимдер 480 сааттык атайын даярдыктан өткөрүлүү менен 4 жаштан 6 жашка чейинки 100 миң бала мектепке даярдалат.

Баяндамачы долбоордун кеңешчилери үчүн алынган каражаттын 2,6 пайызы же 300 миң доллары бөлүнүп, ага чет өлкөлүк адистер эмес, жалаң жергиликтүү жарандар тартыла турганын айтты. 

Ал эми вице-спикер Төрөбай Зулпукаров өлкөдө бала бакчалар көйгөйүн чечүү үчүн жеке менчик балдар мекемелеринин ачылышына мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын билдирди.

Балдарды бала бакчага берүү кыйындап барат. Эгер жеке менчик бала бакчалар көбөйсө, алардын арасында атаандаштык түзүлүп, бала бакчалардын баасы кыйла арзандоо менен бирге балдарга таалим-тарбия, мектепке чейинки билим берүү сапаты да жакшырмак. Мен бул тууралуу премьер-министрдин өзүнө да айткам, өкмөткө да бир нече ирет тапшырма берилген. Азырынча жыйынтыгы болбой жатат”,- дейт Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан