Каныбек Осмоналиев: “Кайсы баатыр Чек ара кызматынын башкы кеңсесин Оштон Бишкекке көчүрүп келгенин түшүнбөйм”

Депутат Каныбек Осмоналиев бүгүн, 16-январдагы маалымат-жыйында “Сох” анклавынын айланасындагы айылдарда мектептердин абалы оор экенин билдирди. “Жаңы мектептерди куруу демилгеси көтөрүлгөн, бирок курулган эмес, биз куру убада менен бири-бирибизди алдап келебиз” – деди эл өкүлү. Депутат 8-12-январда шайлоочулар менен жолугушуу учурунда Баткендеги чек ара айылдардын тургундары менен да жолугушуп келгенин айтып, чек ара чыры боюнча “Сох анклавынын жашоочулары чек арадан бастырып кирип келип 7-8 жаштагы уул-кызыбызды токмоктоп алып кетип, 1 сутка жер төлөгө камап коюптур. Чек ара кызматынын башкы кеңсесин Оштон  Бишкекке кайсы баатыр көчүрүп келгенин мен түшүнбөйм. Чек ара кызматы ошол аймакта болсо, окуя боюнча эртерээк кыймылга келмек” – деди Осмоналиев.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан