Аксыда иш сапары менен жүргөн президент Алмазбек Атамбаев жол тосуу мусулманчылыкка туура келбей турганын айтты. Өлкө башчы былтыр Ош-Бишкек жолунун Сузак районунан тосулганын эске салды. "Алайда 20 күндөн бери жолду бууп турушат, былтыр Сузакта жол тосулган. Бул туура эмес, жарандар митингдерге чыккандын ордуна иштеши керек. Алайдагы жол тосуп тургандар - мусулмандар. Мына, Орозо айы башталганы турат, алар кантип орозо кармашат? Жол тосуу - капырлардын иши",- деди Атамбаев.
Айта кетсек, Ош - Эркеч-Там унаа жолу Алай районунан 27-майдан бери буулуп турат.