Президент Алмазбек Атамбаев “Мугалимдин статусу” тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Бул боюнча президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Өзгөртүү кирген мыйзамда “Мугалимдин сатусу” тууралуу мыйзам КРнын Конституциясында жазылган “Билим” жана “КРнын нормотивдик укуктук актылар” тууралуу мыйзамына ылайык болушу керек деп жазылган. Айта кетсек, бул мыйзам 2012-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.