Чүйдө ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары тергөөчүнү сабап салганы айтылууда. Алдын ала маалыматтарга караганда, ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кубанбек Суранчиев А.Жумалиев аттуу тергөөчүнү бир канча жолу чаап жиберген.
Чүй облусунун Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары кол алдындагы адамды сабагандыгы боюнча факты юридикалык баа берилиш үчүн прокуратурага жөнөтүлдү. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда SUPER.KG порталына билдирди.