Бүгүн "Таласта сот аткаруучулар тарабынан зордукталды" делген
Калия Арабекованын иши боюнча сот отуруму 7-июлга жылдырылды. Бул тууралуу Калия Арабекова
SUPER.KG маалымат порталына бүгүн, 20-июнда билдирди.
Жабырлануучу Калия Арабекова: "Бүгүн сот иши болмок, бирок Алтынбек Алыбаевдин жактоочусу жоктугуна байланыштуу сот иши 7-июлга жылдырылды. Негизинен бүгүн сот отуруму болгон күндө да, биз сотко ишенбөөчүлүк көрсөтөлү деп жатканбыз",- деп билдирди.
Эске салсак,
Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев,
Алтынбек Алыбаев жана
Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары "өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташкан" деп шектелишүүдө. Аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташканы айтылган. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгоп, сотко өткөрүлгөн.