Бишкекте таксистти эсин оодара сабап, унаасын тартып алып келе жатышкан жарандар түнкү милиция тарабынан кармалышты. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек ШИИББинин милициясынын атайын түнкү батальонунун кызматкерлери Рыскулов-Павлов көчөлөрүнүн кесилишинен Тойота Калдина унаасын токтотушкан. Унаа токтогон мезгилде жүргүнчүлөрдүн бири качып жөнөгөн, унааны башкарып келе жаткан 18 жаштагы Акай жана жүргүнчүлөр болгон Олоң, Бека аттуу жарандардан унаанын документтерин сураган мезгилде алар жооп бере албай калышкан.
Кийин унаа айып жайына токтотулуп, жогорудагы жарандар Ленин РИИБине алынып келингенде алар аталган унаа чоочун таксистке таандык экендигин жана алар айдоочуну муунтуп, эсин оодара сабап, унаасын тартып алышкандыгын айтышкан.
Кийин унаанын ээси болгон 20 жаштагы Бактияр милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр сабап таштап койгон аймактан табылып, №4-ооруканага жеткирилген .
Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камалып, иликтөө башталды.