Бишкекте жеке пикир келишпестиктин айынан таанышын бычактап салган жаран кармалды

Бишкекте уруша кеткен жарандардын бири экинчисин бычактап салган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.

Маалым болгондой, Улуттук хирургия борборуна көкүрөгүндө бычактан алган жаракаттары бар жаран келип түшкөн. Аталган факт боюнча атайын иликтөө иштери жүргүзүлүп, 32 жаштагы Болот аттуу жаранды таанышы ортодо чыгып кеткен уруштун айынан бычактап салгандыгы аныкталган.

Учурда кылмышка шектүү Азим аттуу жаран укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан