Бишкекте "автоунаа уурдаган" деген шек менен 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.
Маалым болгондой, Кайрат аттуу жарандын Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасы Бишкектин Салиева көчөсүндө токтоп турганда белгисиз адамдар айдай качышкан.
Бул кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Чыңгыз аттуу жаран кармалган.
Ошондой эле Жалил аттуу тургундун Ауди 100 унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкендиги маалымдалган. Ыкчам аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Эрбол аттуу Чүй облусунун тургуну кармалган.
Иликтөө иштери уланууда.