КСДП фракциясынын 20-июндагы жыйынында КРнын Суу кодексине түзөтүү киргизүү демилгеси каралды. Демилгечилердин айтымында, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр кен байлыктарды иштетип жаткан ишканалардын ырааттуу иш алып баруусуна өбөлгө түзөт.
Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Сабир Атажанов "Кумтөр" кенинде оор абал түзүлүп, анда жайгашкан Давыдов мөңгүсүнүн 15 миллион тонна музун башка жерге көчүрүү зарылдыгы пайда болгонун билдирди. "Ошондон улам Суу кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү милдети турат. Андай кылбасак, муз жылып, "Кумтөрдөгү" иш токтоп калышы мүмкүн. Мындай жагдай башка кендерде да пайда болот",- дейт ал.
Депутат Эркингүл Иманкожоева депутаттарды өкмөттүн мындай жөнсүз демилгесине колдоо көрсөтпөөгө чакырды. "Ансыз деле Давыдов менен Лысый мөңгүсүнүн басымдуу бөлүгүнөн кол жуудук, эми калганын жок кылалыбы, зыян ордун ким толтурат? Алар Жогорку Кеңештин кенди жер алдынан иштетүү жөнүндөгү токтомун ушу кезге чейин аткарбай жатышат",- деди депутат.
Талкуу жыйынтыгында Суу кодексине түзөтүүлөрдү киргизүү демилгеси Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, президенттин каршы пикири менен кайра кайтарылган "Мөңгүлөр жөнүндө" мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча макулдашуу комиссиясы менен биргелешип чечүү сунушун берди.