“Талас шаарындагы Лесная-Токтогул көчөлөрү аралап өткөн токойдо бак-дарактар мыйзамсыз түрдө кыйылып экологияга зыянын тийгизип жатат” - деп билдирди шаар тургуну Үметов Бекжан. “Дарактарды мыйзамсыз кыйып жаткан жарандар “отун болуучу жыгачтарды кыюуга уруксат алдык" деп айтышканы менен, иш жүзүндө өсүп турган дарактын кара жыгач түрүн эмерек, буюмдарды жасоо үчүн кыйып жатышат”- дейт ал. Бул боюнча шаардык мэриянын жеке менчик башкармалыгынын башчысы Тилек Киргабаков жеке өзү колго алып тез арада текшерүү боло тургандыгын билдирди.