Өкмөт башчы
Жоомарт Оторбаев бүгүн, 20-июнда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги жаңы дайындалган директордун орун басарлары
Руслан Тагаев жана
Данияр Шейшекановду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда өкмөт башчы аталган мекеменин каатчылыкка жана коррупцияга көп кабылган агенттик экенин белгилеп өттү.
"Коомчулукта силердин мекемеге болгон ишеним дээрлик жокко эсе. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине жарандар ишенишпейт. Азыркыга чейин курулуш иштеринин калькуляциясы советтик рубль менен эсептелип жатканда кандай жакшылыкты күтсө болот?"- деди Оторбаев.
Жолугушуунун жүрүшүндө агенттиктеги негизги көйгөйлөр белгиленди. Алар: курулуштарга көзөмөлдөөсүз уруксат берүү, сейил бактарындагы жерлерди бөлүп берүү, өз алдынча курулуш иштерин баштоо, мыйзамсыз курулуштар, тендер жургүзүүдөгү коррупция, архитекторлордун уруксат берүүдөгү жоопкерчиликсиздиги жана башкалар.