Жоомарт Оторбаев мамлекеттик мекемелерде кадрдык өзгөрүүлөр болуп, жаштарды дайындоо улантыларын айтты

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 20-июнда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигиндеги жаңы дайындалган директордун орун басарлары Руслан Тагаев жана Данияр Шейшекановду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Жоомарт Оторбаев жаңы кызматка дайындалгандар боюнча чечим агенттиктеги ишмердүүлүктү жакшыртуу үчүн кабыл алынганын баса белгилеп өттү.

"3 айдын ичинде реформа жүргүзүп, курулуш тармагындагы кырдаалды жөнгө салат деген ишеним менен жаш, чынчыл жана билимдүү адистер деп силерди дайындадык. Учурда курулуш өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн ордуна энергокомпаниялар жана башка мамлекеттик органдар сыяктуу көйгөйлөрдү жаратууда",- деди Оторбаев.

Чогулуштун соңунда премьер-министр дайындалган жетекчилерге Курулуш боюнча мамлекеттик агенттигиндеги программаны жаңылоого бир ай жана жумуштан жакшы жыйынтык чыгарууга үч ай убакыт берди. Ошондой эле агенттиктин директоруна жаман иштеген кызматкерлерди кызматтан бошотуу жана ордуна перспективалуу жаш адистерди дайындоо боюнча тапшырма берилди. "Мекемелерде жаңы дайындоолор болуп, кадрлардын жаштар менен алмашуусун уланта беребиз",- деди премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан