Баткенде сүйлөшүү жүргүзүп жаткан Кыргызстан менен Тажикстандын бийлик өкүлдөрү чек ара маселеси боюнча бир чечимге келише элек. Муну коңшу өлкөнүн маалымат булактары өкмөттүк аппаратка шилтеме берүү менен жарыялашты. Маалыматка таянсак, сүйлөшүү уланууда. Айта кетсек, сүйлөшүүлөр кечээ, 19-июнда башталган. Негизги тема: Баткендеги Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык унаа жолунун курулушу, чек араларды делимитация иштери, 7-майдагы кыргыз-тажик жарандарынын чатагы. Делегацияларды эки өлкөнүн вице-премьер-министрлери жетектөөдө.