Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдө айрым бут кийимдерди сатууга тыюу салуу сунушталды

Орусияда Мамлекеттик Думанын депутаты Олег Михеев Бажы биримдигине мүчө мамлекеттеринде бут кийимдин кеда, балетка жана бийик, учтуу, шиш така түрлөрүн сатууга тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, мындай сунушту депутат “аталган бут кийимдердин түрлөрү адамдын ден соолугуна коркунучтуу” деп түшүндүрдү. Мындан тышкары ал Бажы биримдигинин техникалык регламентине жаңы медициналык ортопедиялык талаптарды кошууну сунуштады.

“Статистикага ылайык, улуу муундун 40 пайызы май таман оорусуна ээ. Эгер мурда ыңгайсыз бут кийимден аялдар жапа чексе, бүгүнкү күнү популярдуу кедаларды кийип жигиттер өз саламаттыгына зыян келтиришүүдө”,- дейт Михеев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан