Чупакабра чуусу элдин көңүлүн башкага буруу үчүн ойлоп табылган амалбы?

Кочкордо түшүнүксүз жагдайда мал-жандык өлүп, белгисиз "кан соргуч" пайда болгону эл ичине желдей тараган болчу. Кабарга удаа интернетке атылып өлтүрүлгөн түрү суук бир жандыктын сүрөтү тарап, «Кочкордо атылып өлтүрүлгөн жандык ушул» деген сөздөр чыкты. Сүрөттү карап, «Кокуй, бул чөө эмес, чупакабра турбайбы!» деген комментарийлер күчөп отуруп, эл дүрбөлөңгө түштү. Июнь айынын башынан бери Кочкор районунда аталган жандыкты жок кылуу максатында 160ка чукул жолбун ит атылды, бирок чупакабра табылган жок. Элдин коопсуздугуна таасирин тийгизет деген чупакабра Кыргызстандын же башка мамлекеттердин аймагында жүргөн жандыкпы же коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруу үчүн ойлоп табылган технологиябы? Ушундай суроо өзүнөн-өзү чыгат. Масса, эл менен иш алып баруу, башкаруу тармагында иштеген адистер бул өңдүү окуяларды «сенсациялык пиар» деп коюшат. Анда коомчулук менен медиа чөйрөнүн көңүлү негизги маселелерден автоматтык түрдө жаңы жарыяланган сенсациялык окуяга бурулат. Дүйнө коомчулугунун көңүл чордонун ээлеген Украинаны алалы, анын экс-премьери Юлия Тимошенкого карата 2010-жылы кылмыш иштери козголуп, кийин ал соттолгон. Өзүнүн соттолушун Тимошенко сенсациялык пиар катары мүнөздөгөн. «Янукович «башкы коррупционер – Тимошенко» деп окуяны өнүктүрүү менен өзүнүн коррупциялык иштерин жашырып жатат»,- деп чыккан ал. Көбүнчө чет өлкөлөрдө террорчулук, жыныстык азчылыкты, тагыраагы, гей жана лесбияндардын маселелери, дин тармагындагы көйгөйлөр сенсациялык пиар катары маал-маалы менен жарыяланып турат. Орусия тарабынан Жерар Депардьеге жарандык берилишин интернет колдонуучулар «Кремль коомчулуктун көңүлүн ушундай жеңил-желпи маалымат менен алаксытып жатат» деп кине коюшкан. Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция «өрттөн кийин» болсо да, 24-июнь күнү чупакабра чуусуна чекит койду. Адистердин айтымында, Кочкор району түп көтөрүлө издеген, элдин уйкусун бузуп, жүрөк үшүн алган белгисиз "кан соргуч" жолбун ит болуп чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (32)
Nurmuhammad
2014-06-20 23:41:10
Ташиевдин баласы донголок уурдады дегенде эле тан калгамын бул бийилике! Эми ушуну ойлоп тапкандарын кара, ее тооба! Эртен кой эчки уйлар Бета Сторести тоноп кетишти десе да тан калбайм. Бул бийиликтен ар нерсени кутсо болот.
+13
abaychik
2014-06-22 14:44:54
Nurmuhammad, )))
+1
Nur0421
2014-06-21 06:39:07
Мына сага ушак артынан ушак.
-1
kunichka
2014-06-21 18:01:27
А балким буну Супер-Инфо ойлоп журбосун?кантседа биpинчи super.kg ден окуп суротун корбодукпу.Баарыбыз эле тосулган жолду,А.Келдибековду талкуулап жатып калганыбызда ушул жанылык пайда болбоду беле...)))
0
aida2013
2014-06-21 18:22:56
мумкун эми аны убакыт корсотот
0
toktopolot79
2014-06-21 19:17:26
Жакында чупакабрага каршы уй-жаныбарлары митинге чыгат экен да эми )))).
0
Likvidator
2014-06-21 21:30:15
Бир нерсе деш кыйын болуп турат.
0
nazira1989
2014-06-21 21:49:52
Эми эмнени ойлоп табышаар экен?!...
+1
Aikoo2014
2014-06-22 13:56:11
Кай бирине ишеништида билбей калдык чынында. Эх келечегибиз кандай болоруда белгисиз.
+1
abaychik
2014-06-22 14:45:39
Ушул эле жетпей атты эле деп канча нерв кетирип кыжалат болдук.
0
vrach
2014-06-22 17:31:16
мелис мырзакматов жакшы иштесе иштегендир! бирок ал аймакты болуп суйлочу тундук туштук деп! ошону учун кеттирди аны кызматынан!
-2
aika1405
2014-06-30 10:40:08
vrach, Мелистен айланып, садага болбо Мелис Ошко керек жана ал албетте ордуна келет АШАнын ордуна келип калса да ажеп эмес.
-1
admin_superstan
2014-06-23 09:42:49
maksnarin, RIO., сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
80 күндөн БАН!
+1
admin_superstan
2014-06-23 09:43:19
baha1985, талкуудан алыстаганыңыз үчүн 5 күн БАН!
0
Tagdyr
2014-06-23 11:12:26
Тээтигин жогору жакта отурган чупакабралар оздорунун атын колдонуп кетти да бул жерде. Алар козго корунбой, карандыга жол тапкан, кайдагы жар-жарды байырлаган жапайы чоолорго окшош. Чынында адамдын башына келбегин кайдагы иштерди кылышат го чиркин!
+1
lily27
2014-06-30 10:16:20
Ой бийлик ушуга башын оорутмак беле? Просто эле эл озу дурболонго тушту да калды. Журналисттер аны кобуртуп жабыртышты, анан чупакабра пайда болду.)))Эгер элдин оюн болгусу келсе анда башкачараак иш болмок да
0
rukopaWnik
2014-06-30 10:32:22
Мен дагы дал ушунтип ойлогон элем,жөн гана пиар болсо керек деп.
Айпери азаматсың. +5
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан