Бишкек шаарында 9-июндан 20-июнга чейин жүргүнчү ташыган 119 кичи автобус каттамдан четтетилди. Бул унаалар техникалык жана санитардык талаптарга жооп бербегени үчүн токтотулганын 20-июнда мэрия кабарлады. 53 кичи автобус отургучтардын саны талаптагыдан аздыгы үчүн, 45 унаа тышкы көрүнүшү талапка жооп бербегени үчүн, 9 кичи автобус алдынкы жана каптал айнектеринен жарака кеткени үчүн, 4 унаа оңдоого муктаж болгону үчүн жана 4 коомдук унаа санитардык талапка жооп бербегени үчүн каттамдан алынганы айтылды. Мунун ичинен 33 кичи автобустагы кемчиликтер оңдолду.
Айта кетсек, Бишкек шаарында күнүнө 2636 кичи автобус каттамга чыгат.