Чүйдө жол кырсыгында бир адамды өлтүргөн айдоочу качып баратып дагы 3 адамды сүзүп өлтүрдү. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 20-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Москва районунун Б.Х. аттуу тургуну шаар четиндеги айланып өтүүчү жолдон 40-45 жаштардагы жаранды сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Кырсыктын айынан аталган жаран окуя болгон жерде каза тапкан.
Айдоочу андан ары дагы 2 чакырымдай жүрүп, жол четинде турган 3 адамды сүзүп, жол четиндеги унаа жуучу жайга кептелип токтогон. Кырсыктын айынан 3 жаран ошол жерден эле каза табышкан.
Учурда айдоочу убактылуу кармоочу жайга камалып, жол кырсыгынын себептери аныкталууда. Иликтөө иштери башталганы белгилүү болду.