* Мындан 60 жыл мурун, 1954-жылы сүрөтчү Гапар Айтиев менен скульптор Ольга Мануйловага "Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген сүрөтчүсү" деген ардактуу наам ыйгарылган. Буга чейин Кыргызстанда мындай наам жалгыз Семён Чуйковдо гана болгон.

* Мындан 61 жыл мурун, 1953-жылы мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым
Беназир Бхутто Пакистандын Карачи шаарында туулган. 1986-жылы атасы негиздеген "Пакистан" элдик партиясын жетектеген. 1988-жылы шайлоодо жеңишке жетишип, премьер-министр кызматына отурган. 1990-жылы кызматтан четтетилип, 1993-жылы кайра премьерликке келген. Бхутто "коррупцияга малынган, жалданма киши өлтүрүүлөргө тиешеси бар" деп айыпталып, өз өлкөсүнөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. 2007-жылы четте жүргөн бир топ саясий фигураларга мунапыс берилип, анын ичинде Беназир Бхутто мекенине кайтып келген. Президент Мушаррафка каршы оппозициянын башында туруп, шайлоодо жеңишке ээ боло алган эмес. Шайлоонун жыйынтыгына нааразычылык акциясын баштап, эл менен жолугушуу учурунда мусулман өлкөлөрүнөн чыккан биринчи өкмөт башчы айым, Пакистандын 17-премьер-министри 2007-жылы 27-декабрда жардыруудан курман болгон. 54 жаш курагында каза болгон Беназир Бхуттонун бир уул, эки кызы болгон.

* Мындан 59 жыл мурун, 1955-жылы композитор, Кыргыз Республикасынын Эл артисти
Муратбек Бегалиев Жумгал районунун Миң-Куш кыштагында туулган. Муратбек Бегалиев Кыргызстан Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты, Түгөлбай ата атындагы Эл аралык коомдун сыйлыгынын лауреаты, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Эл аралык чыгармачылык байланыш академиясынын академиги, профессор.