* Мындан 11 жыл мурун, 2003-жылы Бириккен Улуттар Уюму Мамлекеттик кызматкерлер күнүн белгилөө чечимин кабыл алып, 23-июнду Мамлекеттик кызматкерлер күнү деп жарыялаган. Мамлекеттик кызматкерлер күнүн белгилөө жөрөлгөсүнө БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясы жол ачкан. Ал үчүн атайын резолюция кабыл алынып, мамлекеттик кызматкерлер эл аралык жана улуттук деңгээлде чечүүчү роль ойноору белгиленген.

* Мындан 10 жыл мурун, 2004-жылы
Япониянын өкмөттүк комиссиясы тарабынан атайын изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында адамдын түйүлдүгүн клондоого уруксат берилген. 
* Мындан 42 жыл мурун, 1972-жылы теги алжирлик болгон атактуу француз футболчусу, 3 жолку Дүйнөнүн мыкты оюнчусу (1998, 2000, 2003), учурда мадриддик “Реалдын” менеджери
Зинедин Зидан туулган.