Кадамжай районунда 3 жашар кыз сууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы 22-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, аталган райондун Көтөрмө айылында 2011-жылы туулган кыз ойноп жүрүп Ак-Суу дарыясына түшүп кеткен. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып, ата-энесине өткөрүп беришкен.