Кытайдын түштүгүндө 5 күндөн бери тынбай жааган жамгырдан улам аймакты суу каптап, анын кесепетинен каза тапкандардын саны 26га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Кытайдын Жарандык администрация министрлигинин маалыматына ылайык, кырсыктан 4,9 миллион калк жапа чегип, алардын 337 миңи коопсуз аймактарга убактылуу эвакуацияланган. Аталган кырсык өлкөгө 653 миллион долларлык чыгым алып келген.