Чүйдө "өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган" деген шек менен 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ысык-Ата районунун тургуну 2001-жылы туулган өспүрүм кызды Тепловик дачасындагы кароолчунун кароолканасынан зордуктоого аракет кылган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган 36 жаштагы жаран кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.