Алай районундагы Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там унаа жолуна түшкөн жер көчкүнүн 40 метри тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Алай районунда 2014-жылдын 20-июнь күнү саат 14:00 чамасында Ош - Сары-Таш -Эркеч-Там унаа жолунун 167-чакырымында, тактап айтканда,Талдык ашуусунда көлөмү болжол менен 8960 куб метр
(узундугу 80 метр, бийиктиги 8 метр, туурасы 14 метр) болгон таш көчкү түшүп, унаа жолу убактылуу жабылган. Тазалоо иштерин “Ош - Сары-Таш - Эркеч-Там” жол башкармалыгынан 3 жүктөгүч, 4 самосвал, 1 экскаватор жана 1 кран жүргүзүүдө. Азыркы убакта 2 тараптан биригип унаа жолдун 40 метр аралыгы тазаланганы белгилүү болду.