Катар жеринде эмгектенип жүргөн мекендештер Дохада Кыргызстандын элчилигин ачууну суранышууда. Бул тууралуу алар Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков менен Доха шаарында жолугушканда айтышканын ЖКнын басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Маалыматка таянсак, эмгек мигранттар зарыл жумуштары болуп калган учурларда коңшулаш араб өлкөлөрүнө каттап убара болушат экен. Экинчи маселе Кыргызстанда саясий кырдаалдын бир калыпта болбой, экономикалык жактан ыкчам өнүгүп кете албай жатканы тынчсыздандырат.