Алмазбек Атамбаев: “Бардык күч кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга багытталышы керек"

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 23-июнда Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Биздин мойнубузда Кыргызстандын көз карандысыз келечеги үчүн, элдин тагдыры үчүн жоопкерчилик турат. Сиздердин ишиңиздер өлкөнүн өнүгүүсү, элдин бейпилдиги менен байланыштуу.

Кыргызстан көз карандысыздыкты алгандан бери эми гана энергетикалык, азык-түлүк, транспорттук багытта алгачкы, бирок эң маанилүү кадамдарды өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылууга жасады. Биз чыныгы көз карандысыздыкка умтулабыз!

Бийликтин күчү элдин колдоосу менен ишениминде. Мамлекеттик кызматкерлердин иши менен статусу сиздерди көп нерсеге милдеттендирет. Сиздер элдин алдында, өзүңүздөргө таза болушуңуздар керек. Бардык күч мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдөөгө, кыргызстандыктардын жашоосун жакшыртууга, өлкөнүн тынчтыгы менен туруктуулугун сактоого багытталышы керек.

Сиздер элдин ишеничин актайсыздар деп ишенем. Биз биргеликте күчтүү жана өнүккөн Кыргызстанды курабыз!

Сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ишиңиздерде ийгилик, биздин Кыргызстанга тынчтык жана өнүгүү каалайм!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан