Унаа жуучу жайдан унааны айдай качкан жаран кармалды

Унаа жуучу жайдан унааны айдай качкан жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 42 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал унаа жуучу жайлардын биринен Тойота RAV4 үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран айдап качып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү 1986-жылы туулган К.Илдар кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан