Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, 2013-жылдын сентябрь айында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча башкармалыгы тарабынан “Ысык-Көл Лидер” ишканасынын жетекчиси М.Эге чоң өлчөмдөгү салыкты төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголгон. Бирок М.Э. тергөөдөн качып жүргөн. Мындан улам ага издөө жарыяланып, 2-мартта Орусиянын аймагынан кармалган. Бирок Орусиянын Ички иштер министрлигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жөнөтүлгөн жасалма каттын негизинде М.Э. бошотулган. Учурда анын кайда жүргөнү белгисиз. Бул боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан