Токмок шаарында 1,5 гектар аянтка кара куурай өстүрүлүп жаткандыгы аныкталды

Токмок шаарынын жанында 1,5 гектар аянтка кара куурай өстүрүлүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз  кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.

Маалыматтарга караганда, милиция кызматкерлерине Токмок шаарынан анча алыс эмес аймакта 1,5 гектар аянтка кара куурай өстүрүлүп жаткандыгы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган аймакты кароо иштери жүргүзүлүп, талаада кара куурай атайын кам көрүлүп өстүрүлгөндүгү байкалган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кара куурайдын болжолдуу салмагы 8 тонна 360 килограммды түзөт. Учурда талаага кара куурай эккендерди аныктоо боюнча иш-аракеттер көрүлүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан