Сокулук районунда адам өлтүрүү фактысы катталып, окуянын чоо-жайы иликтенүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, милициянын нөөмөт бөлүмүнө Сокулук районунун Эркин-Тоо жаңы конушундагы үйлөрдүн биринде 25-30 жаштардагы азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында жогоруда айтылган жарандын өлүмүнө тиешеси бар деген шек менен 39 жаштагы Союзбек аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Учурда шектүү адам кылмышты мойнуна алгандыгы айтылууда.