Бүгүн, 16-ноябрда ЖКда депутат Бакыт Төрөбаев тарабынан демилгеленген “КРнын ардак наамдары жана Ардак грамотасы жөнүндө” КРнын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды.Бакыт Төрөбаевдин айтымында, өлкө турмушунда ишкерлердин орду чоң, алар кошумча жумушчу орундарын түзүү менен бирге, өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө да салым кошууда. Ошондуктан, мамлекеттик ардак наамдардын тизмегине «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишкери» наамын киргизүү сунушталып жатат. Мындай наамга ээ болгон жарандардын пенсиясына кошумча каражат төлөнүп берилет. Ал үчүн анчалык деле көп каражат талап кылынбайт.Талкуу жүрүшүндө бир катар депутаттар бул демилгени колдой тургандыгын билдиришти. Учурда ардак наамдардын 27 түрү бар, ага дагы бирин кошуп койгондон эч нерсе өзгөрүп кетпей турганын айтышты эл өкүлдөрү. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.
1. Бакыт Төрөбаев