Судьялардын жетишсиздигине байланыштуу Жогорку Сот өкмөт башчыга жана депутаттарга кайрылуу жөнөттү

Жогорку Соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын 436 штаттык бирдигинен 99 судьянын кызмат орду бош. Учурда жүктөмдүн эбегейсиз көп жана бош орундардын болгондугуна байланыштуу соттор тарабынан иштер мыйзамда белгиленген мөөнөттөн ашып дайындалып, каралууда. Бул сот адилеттигин ишке ашыруу сапатына да таасирин тийгизүүдө. Андыктан КРнын Жогорку Соту Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго жана депутаттарга кайрылуу жөнөттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, кээ бир судьялар бир айда 70ке чейин иштерди карашууда. Бул судьялардын жүктөмүнүн белгиленген ченемдеринен 2,5 эсеге ашууда. “Жогоруда айтылгандардын негизинде жана көрсөтүлгөн кырдаалды эске алуу менен Жогорку Сот Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дарегине Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамын түзүү боюнча маселесин кароо тууралуу ачык каты менен кайталап кайрылууга аргасыз болууда. Бул маселени 2014-жылдын 1-июлуна чейин карап берүүңүздөрдү көптөн-көп өтүнөбүз” деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан