КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев бүгүн, 23-июнда "Ислам" өнүктүрүү банкынын чакыруусу боюнча эки күндүк иш сапары менен Сауд Арабиясына учуп кетти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Сарпашев Жидда шаарындагы "Ислам" өнүктүрүү банкынын топ башкаруучуларынын жыл сайын өтүүчү 39-жыйынына катышат. Ар жыл сайын жыйындын күн тартиби жана ага карата даярдыктар талкууланат.
Жыйында энергетика, транспорт жана аймактык өнүктүрүү жаатындагы Кыргызстан жана ИӨБ аралык үч инвестициялык келишимге кол коюшат.