Ош мамлекеттик юридикалык институтунун ректорлугуна юридика илимдеринин кандидаты
Эгемберди Токторов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Ош МЮИнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жаңы дайындалган ректорду өкмөттүн аппаратынын билим, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Абдыманап Муратов эмгек жамааты менен жолугушуу учурунда тааныштырды.
Буга чейин аталган жогорку окуу жайда ректорлук кызмат ордуна шайлоо өткөрүлүп, анда жети талапкердин арасынан Эгемберди Токторов шайлоочулардын 90 пайыздык добушуна ээ болгон.