Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүнкү, 23-июндагы жыйынында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө” мыйзам долбоорун карады. Мыйзам долбоорунда Манас орденин даражаларга бөлүүнү алып салуу жагы сунушталууда. Жалпысынан Манас, Курманжан датка, Данакер, Баатыр эне ордендери белгиленет. Ушул жана башка мыйзамдагы жаңы тартиптердин мазмуну менен депутат Ирина Карамушкина тааныштырды.
Ал эми демилгечи депутаттар “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери” деген гана наам белгиленерин айтышты. “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу”, “Кыргыз Республикасынын Эл акыны”, “Кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү”, “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” деген өзгөчө ардак наамдардын сактала тургандыгын билдиришти.
Талкуу жыйынтыгында Социалдык саясат боюнча комитети мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда колдоого алды.