"Кыргыз почтасынын" кызматкери укук коргоо органдарына 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

"Кыргыз почтасынын" кызматкери укук коргоо органдарына 10 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 23-июнда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. 
Маалыматка ылайык, мамлекеттик ишкананын Араван районундагы филиалын текшерүү учурунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. 
Ош ОИИБи тарабынан жүргүзүлгөн иш-аракеттерден кийин филиалдын жетекчиси 10 миң сом сунуштап, мыйзам бузууларды ачыктабоону өтүнгөн. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aisanat
2014-06-24 13:51:04
Ырас еле болуптур. Европадан кайсы кызмат аркылуу жонотпо келип кыргыз почтасына тапшырышат екен. Анан алар болушунча антарып жыргашат екен. Башыман отконунон айтып атам. Анан да таможныйга шылташат екен. Жылтыраган нерсе болсо алып калышат екен. Еми почтадан бир нерсе жоноткондон да коркуп калдым.Германиядан жиберген бут кийим бирооно чак келип калган го учоо жетип тортунчусун алып алышыптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан