Калифорния штатынын Петалум шаарында "Дүйнөнүн эң түрү суук ити" 21-сынагы болуп өттү. Жыйынтыгында
Арахис аттуу 2 жаштагы ит жеңүүчү деп табылып, 1500 доллар сыйлыкка ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өрт кырсыгына кабылган Арахистин жүнү түшүп, көзү менен оозу жабылбай калган. Мындан кийин ал жаныбарлар үйүндө 9 ай багылып, андан соң ээсине кайтарылып берилген. Анын кожойкеси
Холли Чандлер итин кандай абалда болбосун жакшы көрөрүн айтат. Ошондой эле ал утуп алган акчасын сынакка катышып, бирок утпай калган иттерди дарылоого жумшаарын билдирген.