Орусия өнөр жай, тигүүчүлүк тармакты жана ишкерликти өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 500 миллион доллар бөлөт

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети Кыргызстан-Орусия өнүгүү фондун түзүү боюнча макулдашууну карады. Депутаттардын суроосуна вице-премьер-министр Валерий Диль жооп берди. Дилдин айтымында, фонд 500 миллион доллар уставдык капиталга ээ жана жумушчу топ ишти 9-июнда баштаган.

"Фонд эл аралык уюм катары каттоодон өтөт. Орусия тараптан бөлүнгөн каражаттар Кыргызстандын евразиялык интеграцияга адаптация болуусу үчүн жумшалат. Эки жыл аралыгында агрардык өнөр жай, тигүүчүлүк тармакты жана бизнести өнүктүрүү үчүн Орусия 500 миллион доллар бөлөт",- дейт Диль.

Жыйын соңунда тармактык комитет макулдашууну колдоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан