Президент Алмазбек Атамбаев АКШ мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейкке 2014-жылы АКШнын аскердик базасынын мөөнөтү аяктай турганын айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Түштүк жана Орто Азия иштери боюнча АКШнын мамкатчысынын жардамчысы Роберт Блейкти кабыл алды. Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу жана эки өлкөнү кызыктырган маселелер талкууланды. Бул аптада 2013-2017-жылдарга карата Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүү стратегиясы кабыл алынгандыгын, анда эки өлкөнүн кызматташуусунда негизги маселелер каралгандыгын Алмазбек Атамбаев белгилеп өттү. Өз кезегинде Роберт Блейк бул документте өлкө экономикасынын өнүгүшүнө жакшы өбөлгө түзүүчү жоболор бар экендигин айтты. Алмазбек Атамбаев «2014-жылы «Манас» аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борбору боюнча эки өлкөнүн макулдашуу мөөнөтү аяктагандан кийин «Манас» аба майданында аскердик түзүмдөрү болбошу шарт», – деп билдирди.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан