Тармактык комитет жаңыдан түзүлгөн "Түрк маданияты жана мурасы" фондунун жобосун жактырды

Бүгүн, 23-июнда парламенттеги Бюджет жана финансы боюнча комитети “Түрк маданияты жана мурасы" фондунун жобосун ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун жактырып, парламенттин кароосуна үч окууда алып чыгуу чечимин кабыл алды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Акимбек Текешов: “Фонддун иш багыты менен негизги иш-милдеттери аныктала турган бул уюмдун жобосу даярдалды, азыр аны ратификациялоо милдети турат”,- деп билдирди.

Жыйын жүрүшүндө "Түрк маданияты жана мурасы" фондунун жобосу бекитилген соң, түрк тилдүү өлкөлөрдүн орток уюмуна кирген Кыргызстандын, Казакстандын, Түркиянын, Азербайжандын Тышкы иштер министрликтери ар өлкөнүн мүчөлүк акы төлөмүнүн өлчөмүн аныктай турганы белгилүү болду. Ал эми фонддун негизги каражаты демөөрчүлөр тарабынан түптөлөт.

Фонддун башкы кеңсеси Азербайжандын Баку шаарында жайгашат. Ал эми фонд жетекчисинин орун басарлары түрк тилдүү өлкөлөрдүн уюмуна мүчө өлкөлөрүндө туруктуу иш алып барат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан