Парламентте тармактык комитет Оштогу газдын жоктугуна байланыштуу аймакка 261 миллион сом бөлүүнү талкуулады

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети бүгүн, 23-июнда Оштогу газдын жоктугуна байланыштуу аймакка 261 миллион сом бөлүүнү талкуулады. Аталган каражат газ жок жерлерди электр жарыгы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга багытталат. Талкуунун жүрүшүндө каржы министри Ольга Лаврова акчанын суммасы Ош шаарынын мэриясы, "НЭСК" ААКысы, "Ош жылуулук тармактары" тарабынан көрсөтүлгөнүн айтты. "Бул сумма жогоруда аталган ишканалар тарабынан сунушталды. Акча каражатын бөлүү маселесин кароодон мурун текшерип чыгыш керек",- деди Лаврова. Ошондой эле министрлик сунушталган каражат боюнча каршы пикири жок экенин кошумчалады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан