Москвада “Кош келдиң, Рамазан!” аттуу иш-чара болуп өттү

Кечээ, 22-июнь күнү Москва шаарынын концерттик чоң залында мекендештерибиз үчүн “Кош келдиң, Рамазан!” аттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага катышкан Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев:Биз чыдамсыздык менен күткөн Орозо айы жалпы мусулмандарга берекени, тынчтыкты жана көптөгөн жакшылыктарды алып келүүчү ай болуп саналат. Ошондуктан ар бирибиз ыйык Орозо айын сүйүү менен кабыл алышыбыз зарыл”,- деп айтты.  

Аталган иш-чарада Орусияда жашаган Куран курсунун 47 катышуучусуна муфтий жана Аалымдар кеңешинин төрагасы атайын сертификаттарды ыйгарышты. Курска катышкандар Куран окууну, фикх жана ислам тарыхынан кенен маалыматтарды алышып, өздөрүнүн билимдерин жогорулатышкан. Куран жаттоо боюнча мекендештерибиздин арасында 5 пара жаттагандар орун алган. Ага Орусияда иштеп жүргөн кыргызстандык ишкерлер да катышкан.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан