24-июнда өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 14 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +31°C, түнкүсүн +22°C
Талас облусу. Күндүз +30°C, түнкүсүн +18°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +34°C, түнкүсүн +21°C
Баткен облусу. Күндүз +33°C, түнкүсүн +19°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +15°C
Нарын облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +11°C
Бишкек шаары. Күндүз +30°C, түнкүсүн +20°C
Эскертүү! 23-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу кээ бир райондордо, тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.