Бүгүн, 23-июнда парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитети республикалык бюджеттен орусиялык Биринчи каналдын телекөрсөтүүсү үчүн төлөнгөн каражат жөнүндө маселени кароону күзгө калтырды.
Өмүрбек Абдрахманов, келишимге ылайык, бюджеттен Биринчи каналдын телеберүүлөрүн көрсөтүү үчүн КТРК жылына 10 миллион сом төлөш керек болсо, каналдын жетекчилиги акыркы үч жылда 113 миллион сом төлөгөнүн билдирди. “Ортодогу каржылык айырма кимдердин чөнтөгүнө түшүп келатканы азырынча билгисиз”,- дейт ал.
Жыйынтыгында депутаттар Өмүрбек Абдрахманов, Элмира Жумалиева, Мирлан Бакиров курамына кирген комитеттин жумушчу тобу түзүлдү. Алар күзгө чейин аталган маселени жеринен иликтеп чыгып, тармактык комитетке маалымат берүүгө тийиш.