
* Мындан 108 жыл мурун, 1906-жылы композитор жана ырчы, СССРдин Эл артисти
Абдылас Малдыбаев Кемин районуна караштуу Кара-Булак айылында туулган. Алматы Казак-Кыргыз агартуу институтунда, Кыргыз педтехникумунда окуган. Москва консерваториясында кыргыз студиясынан билим алган. Ал Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси. СССР Жогорку Советине бир, Кыргыз ССР Жогорку Советине үч жолу депутат болуп шайланган. Ленин, Октябрь революциясы, үч Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана медалдар менен сыйланган. Опера-балет театрына анын аты берилген. Абдылас Малдыбаев 1978-жылы 72 жаш курагында каза болгон.

* Мындан 78 жыл мурун, 1936-жылы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург
Эрнст Акрамов Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2-клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Эрнст Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты, ошондой эле Спорттук гимнастика боюнча СССР спортунун чебери.
* Мындан 79 жыл мурун, 1935-жылы Колумбиянын Медельин шаарынын аэропортунда Ford Trinotor 2 үлгүсүндөгү эки учак сүзүшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 17 киши (ичинде аргентиналык атактуу ырчы Карлос Гардель да бар) көз жумган.