Бүгүн, 23-июнда парламенттеги Социалдык саясат комитетинин жыйынында 2014-2017-жылдарга электр энергиясына Кыргызстандын орто мөөнөттүү тарифтик саясатынын долбоору жөнүндөгү өкмөттүн сунушу каралды. Жыйында энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев баяндама жасады. Депутат Дамира Ниязалиева энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевден расмий тастыктамаларды талап кылды.
“Биздин колубузга жеткен документте "инфляцияга ылайык, электр энергияга болгон тариф жогорулайт" деп жазылган. Ал эми азыр сиз айткан өзгөртүүлөр кагаз жүзүндө эч жерде жок. Киргизилген алымча-кошумчаларды тактап келген соң, маселени кийинки жыйында карайлы”,- деди Ниязалиева.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариева билдиргендей, өкмөт тарифтерди жогорулатуудан мурда калктын аялуу катмарына каралуучу жеңилдиктерди эсептеп чыккан. Ошого жараша 115 миң үй-бүлөгө атайын жеңилдиктер каралат. Андан тышкары камсыздандыруу лимитин жайкы мезгилде 150-300 кВт, ал эми кышкысын 300-600 кВт жогорулатуу багытында документтер даярдалып жаткандыгын билдирди.
Талкуу соңунда 2014-2017-жылдарга электр энергиясына карата орто мөөнөттүү тарифтик саясаттын долбоору жөнүндөгү КР Өкмөтүнүн сунушун парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.