Жоомарт Оторбаев кыргызстандыктарды Мамлекеттик кызматкерлердин күнү менен куттуктады

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 23-июнда Мамлекеттик кызматкерлердин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер! Сиздерди Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Мамлекетте адискөй, таза, жогорку деңгээлдеги мамлекеттик кызмат орун алганда гана өлкөдө натыйжалуу ийгиликтер жаралат.

Сиздер өзүңүздөрдүн чынчыл, жоопкерчиликтүү кызматыңыздар аркылуу жарандардын жашоосунун жакшырышына теңдешсиз салым кошуп жатасыздар. Мамлекеттик долбоорлордун жана программалардын ишке ийгиликтүү ашышы мамкызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугунан, алардын билим-тажрыйбасынан, патриоттук сезиминен, коомдогу жагымдуу өзгөрүүлөрдүн демилгечиси болуп, ага умтулуусунан көз каранды.

Бүгүнкү күндө өлкө жетекчилиги алгачкы милдеттердин катарына мамлекеттик башкарууну реформалоо калкты тейлөө сапатын кескин жакшыртуу жана мамкызматкердин иштөө шартын жакшыртууну коюуда.

КРнын Өкмөтү мамлекеттик тармакты реформалоо боюнча жол картасын иштеп чыкты, андагы саясий чаралар каражат жана адамдык ресурстар менен бекемделген. Сунушталган документ 2014-2015-жылдарга карата реформаларды жүргүзүүнүн келечегин аныктайт.

Мамлекеттик тармакты жалпы реформалоонун негизги багыттары катары коррупцияга каршы туруу, сот, мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик кызмат тутумун, мамлекеттик финансыны жана мамлекеттик менчик үлүшү жогору эсептелген стратегиялык тармактарды (тоо-кен жана энергетика тармагы) башкаруу тутумун реформалоо болуп саналат.

Учурда мамлекеттик тармакты реформалоо абдан татаал болуп эсептелет. Сунушталган планды ишке ашыруу бир катар маморгандардын каршылык көрсөтүүсүнө байланыштуу кыйынчылыкка тушугууда. Ага карабастан, КРнын Өкмөтү мамлекеттик башкаруу тутумун жакшыртуу үстүндө пландуу түрдө иш алып бармакчы.

Өкмөт тараптан жүргүзүлгөн ишке карата коомчулуктун билдирген пикири аталган процесстин ажырагыс бөлүгү катары каралат. Өкмөт саясатынын натыйжалуулугу, ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү, ошондой эле мамкызматкерлердин ишке карата жогорку нравалуу адискөй мамилеси жарыяланган реформалардын натыйжага ээ болушундагы негизги көрсөткүч катары саналат.

Мамлекеттик сектордун ишин жакшыртуудагы кадамдардын бири катары жаш, такшалган адистерди ишке тартуу болуп эсептелет. Биз бул багыттагы ишти баштадык, жакынкы арада кадр саясатын жакшыртуу жана министрлик, ведомство, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы кадрларды жаңылоо боюнча кийинки кадамдар жасалат.

Дагы бир ирет жеке өзүмдүн жана КРнын Өкмөтүнүн атынан жалпы кесиптештерди Мамлекеттик кызматкерлер күнү менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Биздин мекендештер бизден жашоо деңгээлинин сапаттык жактан жакшырышын күтүүдө.

Бардыгыңыздарга жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бейпилдик, бакубат турмуш жана ийгиликтерди каалайм!”

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан