Ошто мал уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Ош шаарында мал уурдаган топ кармалды. Бул тууралуу 23-июнда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, белгисиз адамдар тарабынан 18-июндан 19-июнга караган түнү Ош шаарынын Жапалак айылынын 34 жаштагы жашоочусуна тийиштүү болгон мал короодон 50 миң сом турган ири мүйүздүү мал уурдалган. Натыйжада оперативдүү кызматкерлер тарабынан 21-июнда бир нече адамдардан турган кылмыштуу топ кармалды.
Ал топту 25 жаштагы Ош шаарынын Кеңеш айылынын жашоочусу М.Ж. жетектеп келген. Тергөөнүн жүрүшүндө бул топтун башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталды.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кармалгандар Ош шаарынын ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан