Ошто таксистке жасалма акча төлөгөн кардар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда ОШ ШИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына жергиликтүү таксист арыз менен кайрылган. Анда көрсөткөн кызматы үчүн белгисиз киши 100 долларлык жасалма купюраны алдоо жолу менен берип кеткенин маалымдаган.
Бул окуя боюнча алдамчылыкка шектүү катары Ош шаарынын 37 жаштагы тургуну К.Т. кармалды. Учурда бул факты боюнча тергөө уланууда. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.