Кечээ, 23-июнда саат 09:00дөр чамасында Базар-Коргон районунун Арстанбап аймагындагы Жарадар айылында сел жүрүп, 1 турак үйдүн жер төлөсүнө сел суусу кирсе, 1 турак үйдүн аркасын сел суулары каптаган. Мындан сырткары аталган айылдын ички чарбалык жолунун жээгинин 600-700 метр аралыгын сел суулары жууп кеткен. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерине айыл аймак тарабынан 1 экскаватор тартылып, жолду калыбына келтирүү жүргүзүлүүдө. Ошондой эле атайын комиссия тарабынан тактоо иштери жүрүп жатат.